Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 4/5
Нарын райондук архивде сакталып турган Он-Арча айыл аймагынын документтерине кутуча жасатуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-2016-жылдардагы иш кагаздары Нарын райондук архивге кутучага салынбай өткөрүлгөндүктөн кутуча жасатуу үчүн акча каражатын бөлдүрүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын райондук архивинде сакталып турган Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн документтерине кутуча жасатуу үчүн бюджеттен 3000 (үч миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Жасалган кутучаларды Нарын райондук архивине өткөрүп берүү жагы Он-Арча айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын алып баруучусу А.Төлөгөновага милдеттендирилсин.
3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Касымалиев |