Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 4/9
“Бишкек-Петролиум” компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарып, кайрадан келишим түзүү жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын “Ак-Мойнок” участкасындагы май куйуучу жайды иштетип жаткан “Бишкек-Петролиум” компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарып, кайрадан келишим түзүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бишкек-Петролиум” компаниясы менен түзүлгөн келишим бир тараптуу жокко чыгарылып, кайрадан келишим түзүлсүн.
2. Мурда түзүлгөн келишимдердин документтерин карап чыгып, Он-Арча айыл өкмөтүнө пайда келтирүүчү келишим түзүү жагы ФЭБ башчысы М.Маанаевага жана жер, турак-жай жана коммуникация боюнча жетектөөчү адиси С.Дүйшеевага милдеттендирилсин.
3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Касымалиев |