Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 4/10
Он-Арча айыл аймагындагы “Байдулу” каналын оңдоп-түзөө иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Он-Арча айыл аймагындагы “Байдулу” каналын оңдоп-түзөө иштерине смета түзүү үчүн 40000 (кырк миң) сом акча каражатын бөлүп берүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айыл аймагындагы “Байдулу” каналын оңдоп-түзөө иштерине смета түзүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 40000 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Касымалиев |