Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 4/12
Он-Арча айыл аймагынын Оттук айылындагы жаңыдан курулуп бүткөн М.Байгазиева атындагы китепкананын инвентарларын алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын Оттук айылындагы М. Байгазиева атындагы китепкананын инвентарларын алууга акча каражатын бөлүп берүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оттук айылындагы М. Байгазиева атындагы китепкананын инвентарларын алууга 150 (жүз элүү) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Касымалиев |