Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 4/14
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин жана айылдын тургундарын сыйлоо жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сыйлыктары менен айрым кызматкерлерди жана айылдын тургундарын сыйлоо максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги II сессиясынын №1/7 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Эчки-Башы айылынын ардактуу атуулу” наамы менен Асанбеков Талантбек Садырович сыйлансын.
2. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги II сессиясынын №1/7 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ардак грамотасы” менен Асанкулова Айгүл Шаршеновна сыйлансын.
3. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги II сессиясынын №1/7 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ыраазычылык каты” менен Касымбекова Эльзат Асанакуновна сыйлансын.
4. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Касымалиев |