Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясы
2021-жылдын 10-декабры № 5/4
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана мекеме жетекчилеринин бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын пайдаланышы боюнча отчетун угуу жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы айылындагы Ж.Иманалиев атындагы орто мектебинин завучу А. Султаналиеванын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчетун угуп, Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясынын №5/4 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Ж.Иманалиев атындагы орто мектебинин завучу А. Султаналиеванын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Мектептин ашканасынын оңдоп-түзөө иштерине 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын кароо жагы белгиленсин.
3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Касымалиев |