Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясы
2021-жылдын 10-декабры № 5/8
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана мекеме жетекчилеринин бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча отчетун угуу жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Абдылда-Ата”, “Садык-Ата” бала бакчаларынын башчылары А.Конокбаева жана Б.Мамытовалардын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчетторун угуп, Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясынын №5/8 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Абдылда-Ата”, “Садык-Ата” бала бакчаларынын башчылары А.Конокбаева жана Б.Мамытовалардын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчеттору “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. “Абдылда-Ата”, “Садык-Ата” бала бакчаларынын башчылары А.Конокбаева жана Б.Мамытоваларга электр энергиясын үнөмдөө максатында жарык берүүчү лампаларды диоддук лампаларга алмаштыруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Касымалиев |