Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясы
2021-жылдын 10-декабры № 5/9
Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы “М-1” каналын оңдоп-түзөө иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы “М-1” каналына оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн өздүк салым кошуу максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эчки-Башы айылындагы “М-1” каналынына оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн өздүк салым катары Он-Арча айыл аймагынын бюджетинен 30 (отуз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Касымалиев |