Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясы
2021-жылдын 10-декабры № 5/10
Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы “Абдылда-Ата” бала бакчасын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы “Абдылда-Ата” бала бакчасын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн сметалык баасы 3 870 000 (үч миллион сегиз жүз жетимиш миң) сомдук долбоорду өткөрүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы “Абдылда-Ата” бала бакчасын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн сметалык баасы 3 870 000 (үч миллион сегиз жүз жетимиш миң) сомдук долбоор жактырылсын.
2. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Абдылда-Ата” бала бакчасын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 500 000 (беш жүз миң) сом каражаты 2021-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Касымалиев |