Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 25-июлу ПЖ № 394 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө Азыркы учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жанажергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик бийлик орган-дарынын аймактык бөлүмдөрүнүн бир катар жетекчилери макулдашпастан кыз-маттык ишсапарга барган, аларга ишенип берилген аймактан сырткары чык-кан тенденциялар байкалууда. Мында алар жетекчилик кылган мамлекеттик органдарда эмгек жана ат-каруу тартиби начарлоодо, бул региондордогу коомдук-саясий жана социал-дык-экономикалык кырдаалга терс таасир этүүдө. Эмгек тартибин андан ары чыњдоо, мамлекеттик жана муниципалдык же-текчи кызматчылардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана кызматтык ишсапар-ларды жана сырткары чыгууларды тартипке салуу максатында токтом кылам: 1. Төмөндө саналган кызмат адамдарынын ишенип берилген аймактынчегинен бардык сырткары чыгуулары милдеттүү тартипте төмөнкүлөр мененмакулдашыла тургандыгы белгиленсин: - облустук мамлекеттик администрациялардын башчылары - губернатор-лору, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Администрациясынын Жетекчиси менен; - райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары - облустукмамлекеттик администрациялардын башчылары - губернаторлору менен; - Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын башчылары - Бишкекшаарынын мэри менен; - шаар башкарууларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары - тийиштүүаймактын райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары менен,мында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери бо-юнча улуттук агенттигине маалымдайт; - мамлекеттик башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчи-лери - тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчиси менен, мында тийиштүүаймактардын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жерги-ликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларына маалымдайт. 2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Администрациясынын Жетекчиси, облусттук мамлекеттик адми-нистрациялардын башчылары - губернаторлору жана Бишкек жана Ош шаарла-рынын мэрлери кызматтык ишсапарлардын жана сырткары чыгуунун жүзөгөашырылышына контролдук кылсын жана зарылчылык болгон учурда жогорудакөрсөтүлгөн сыртка чыгуу тартибин бузгандык үчүн мамлекеттик жана муни-ципалдык жетекчи кызматчыларды белгиленген тартипте ээлеген кызматынанбошотуу жөнүндө сунуш киргизсин. 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, КыргызРеспубликасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдын-ча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги белгиленген тартипте: - ушул Жарлыктын аткарылышын камсыз кылсын; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев