Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясы
2021-жылдын 10-декабры № 5/12
Он-Арча суусунун жээгиндеги насос чөлкөмүнө трансформатор орнотуу үчүн жер аянтын бөлүү жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Он-Арча суусунун жээги насос чөлкөмүнө электр трансформатор орнотуу үчүн жер бөлүп берүү боюнча насос чөлкөмүнүн тургундарынын кайрылуусун жана Нарын райондук электр тармактарын тейлөө мекемесинин сунушунун негизинде Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он-Арча айыл аймагынын жер жана турак жай боюнча комиссиясынын 2021-жылдын 15-ноябрдагы №7 отурумунун токтому бекитилсин.
2. Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Он-Арча суусунун жээги насос чөлкөмүнөн Тянь-Шань РЭстин Он-Арча барчасынын жанынан, жолдун жээгинен 9.0 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн жер аянтына электр трансформаторду орнотуу, оңдоо, техникалык коопсуздуктарды сактоо Нарын райондук электр тармактарды тейлөө мекемесинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Дүйшеевага милдеттендирилсин.
5. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине ки ргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Касымалиев |