Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII -чакырылышынын 10-сессиясы
2021-жылдын 9-декабры № 10/1
Дөбөлү айыл аймагынын Кенеш айылынын тургуну Алсейитов Уланбек Сагынбековичке «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2016-жылдан 2021-жылга чейин Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип турган мезгил аралыгында жаны курулган социалдык обьектилердин түптөлүшүнө жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Алсейитов Уланбек Сагынбековичти Дөбөлү айыл аймагынын «Ардактуу» атуулу наамын ыйгаруу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын жаны курулган социалдык обьектилердин түптөлүшүнө жана социалдык-экономикалык жактан өгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Алсейитов Уланбек Сагынбековичти Дөбөлү айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Бектемировго тапшырылсын.
Төрага | А. Касымалиев |