Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын 10-сессиясы
2021-жылдын 9-декабры № 10/4
Дөбөлү айыл аймагынын бюджетники эсебиндеги каражаттан 2022-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебине долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык Дөбөлү айылына курулуучу кичи футболдук аянтчасына өздүк салымды кароо максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебине долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 2 929 442 ( эки миллион тогуз жүз жыйырма тогуз миң торт жүз кырк эки ) сомду түзгөн Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылына курулуучу кичи футболдук аянтчасы газону менен куруу долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 585900 (беш жүз сексен беш миң тогуз жүз)сом 2022-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Бектемировго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Касымалиев |