Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 4-чу кезексиз сессиясы
2021-жылдын 22-декабры № 2
Кызыл-Туу айылынын капиталдык ремонттон кийинки эски эшик, терезелерин жардамга муктаждарга жана социалдык обьектилерге берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылынын капиталдык ремонттон кийин чыккан эски эшик, терезелерин жардамга муктаждарга жана социалдык обьектилерге берүү жөнүндө карап чыгып айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айылынын капиталдык ремонттон кийин чыккан эски эшик, терезелеринин пайдаланууга жарактуулары такталып аныкталып акт түзүлсүн.
2. Кызыл-Туу айылынын капиталдык ремонттон кийин чыккан эски эшик, терезелеринин пайдаланууга жарактуулары Кызыл-Туу айылындагы турак-жай салып жаткан колунда жок жардамга муктаждарга жана социалдык обьектилерге муктаждыгына жараша комиссия аркылуу берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айыл өкмөт башчы Г.Кермакуновага тапшырылсын.
Төрага | Б.Айыпов |