Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын X кезексиз сессиясы
2021-жылдын 31-декабры № 10/1
Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылына мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү грант аркылуу М.Иманалиев орто мектебине өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинин чатырчасын, эшик жана терезелерин алмаштырууга мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү грантка көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын X кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинин чатырчасын, эшик жана терезелерин алмаштыруу үчүн мамлекет тарабынан каржылануучу түрткү берүүчү гранттын жалпы суммасынын 40% (700 000 сом) өздүк салым акча каражаты каралсын;
2. Керектелүүчү өздүк салым акча каражатын төмөндөгү статьяга ылайык бекитилсин;
3111- 700 000 сом (жетү жүз миң сом)
3. Каралган акча каражатын көрсөтүлгөн статья боюнча бекитип берүү жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сыдыгалиевке тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткаруу ФЭБ башчысы Р.Амановага милдеттендирилсин.
Төрага | М.Турганалиев |