Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XI кезексиз сессиясы
2022-жылдын 20-январы № 11/1
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешине жооптуу катчы кызмат ордун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XI кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин калкынын саны 6001ден ашкандыгына байланыштуу айылдык кеңештин жооптуу катчы кызмат орду штаттык бирдикке киргизилсин.
2. Жерге-Тал айылдык кеңешинин жооптуу катчысы административдик кызмат ордунун квалификациялык талабы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын өзүмө калтырамын.
Төрага | М.Турганалиев |