Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XI кезексиз сессиясы
2022-жылдын 20-январы № 11/2
Уй-Сарай участкасындагы 2 га жана 4 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу трансформациялоо жөнүндө» №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндө» убактылуу Жобого ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XI кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагындагы «Уй-Сарай» участкасындагы №4837 контурундагы 2 га, №4960 контурундагы 4 га жайыт «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан, «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы» жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, jergetal.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | М.Турганалиев |