Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СҮЙҮМБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ IV СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 11-январы № IV-1
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-декабрындагы кезексиз V сессиясында № V-1 токтому менен сунушталган Таш-Дөбө айыл аймагындагы айдоо жерлерди трансформацияга, контурларга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каралган маселе боюнча Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл аймагындагы калк отурукташып калган төмөндөгү участкаларда жайгашкан 26 га жер аянты калктуу конушка которууга (трансформациялоого) сунушталсын:
1). № 923 контурундагы “Суусамыр” участкасындагы 15,8 га жер аянты.
2) № 938 контурундагы “Суусамыр” участкасындагы 1,8 га жер аянты.
3) № 936 контурундагы “мектеп үстүндөгү” участкасындагы 8,4 га жер аянты.
2. Бул токтомдун негизинде, трансформацияга тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Бектуровго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөт башчысы А.К.Мойноковго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Токтобек уулу |