Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы
2021-жылдын 30-декабры № 7/1
“Чоң-Туз” ЖЧКсы жөнүндө
Чолпон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын “Чоң-Туз” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү, ижара акысын өз убагында төлөнүшүн камсыздоо, экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоосу жана санитардык абалды эске алуусу, ошондой эле Чолпон айыл өкмөтү менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин талаптарын так аткаруу, 2021-жылга келишим түзүү жөнүндө билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиянын №6/1 токтому аткарылбагандыгына байланыштуу 2022-жылдын 20-январына 2020-жыл үчүн калган 245,0 миң сом акча каражаты өндүрүлсүн.
2. 2021-жылга төгүлүүчү 800,0 миң сом акча каражаты, 2022-жылдын 20-январына чейин толугу менен өндүрүлсүн.
3. “Чоң-Туз” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүндө экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыздоо, санитардык абалды жакшыртуу, Чолпон айыл өкмөтү менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин талаптарын так аткаруу, эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө талаптар аткарылбаса, айыл өкмөтүнө тиешелүү инвентарларды жабуу жана тиешелүү жогорку мамлекеттик органдарга кайрылууга мажбур экендигибиз “Чоң-Туз” ЖЧКсынын директору А. Байтерековго эскертилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |