Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы
2021-жылдын 30-декабры № 7/2
Суу алгыч (водозабор) жана суу топтомо (резервуар) курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
АРИС долбоору менен ишке ашып жаткан таза суу долбоорунун негизинде Осоавиахим айылынын айыл башчысы С. Шаршеновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осоавиахим айылынын элин ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында АРИС долбоору аркылуу жактырылган долбоорду колдоо максатында Төш участкасынан чоң жолдун астынан 15 сотых жер аянты суу алгыч (водозабор) жана Эдилбек көчөсүнүн күн чыгыш тарабынан 15 сотых жер аянты суу топтомо (резервуар) курууга бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
2. Бөлүнгөн жер аянттарына буйрук чыгарып, тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп, мыйзамдаштырып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |