КАЖЫ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-июлу № 28
Кажы-Сай айыл аймагында контур №7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 15, 16, 17, 18, 19, 22, 23, 84, 85, 30, 37, 38, 53, 72, 73, 74, 69, 76-контурларында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы”жерлер категориясынан “Калктуу конушунун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13 беренесинин негизинде , Кажы-Сай айылынын тургундарынын турак жай менен камсыздоо талаптарын аткаруу максатында Кажы-Сай айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясынын күн тартибинде коюлган жарандарды үй салууга камсыздоо чечиминин жана Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы 11-ноябрь № 145 “жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген убактылуу жобосуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кажы-Сай айылына караштуу жайыт жерлер № 7(0,24) га (таштуу,бадалдуу)жайыт жер анын ичинен которууга 0,2 га, №8 (5,6)га(таштуу,бадалдуу) жайыт жер анын ичинен которууга 5,6 га, № 9 (2,17)га (таштуу,бадалдуу)жайыт жер анын ичинен которууга 1,5 га ,№ 10 (1,43)га (суу астындагы)жерлер анын ичинен которууга 0,2 га , № 12 (0,4)га(бадал) анын ичинен 0,2 га , № 13(2,94) га(чополуу жер) башка жерлер анын ичинен которууга 1,2 га, № 14 (1,39) га(таштуу,бадалдуу) жайыт жер анын ичинен которууга 0,8 га , № 16 (13,85) га (таштуу,бадалдуу)жайыт жер анын ичинен которууга 7,5 га , № 17 (6,6) га(таштуу,бадалдуу) жайыт жер анын ичинен которууга 6,3 га , № 18 ( 1,55) га (таштуу,бадалдуу,суу астындагы жерлер) жайыт жер анын ичинен которууга 0,4 га , № 22 ( 19,08) га(таштуу,бадалдуу) жайыт жер анын ичинен которууга 6,3 га , № 23 (11,1) га жайыт жер анын ичинен которууга 6,9 га , № 84 (1,2) га жайыт жер анын ичинен которууга 1,2 га , № 85 (1,3) га жайыт анын ичинен которууга 1,0 га ,№ 72 (3,2) га жайыт жер анын ичинен которууга 2,3 га , № 73 (0,2) га(бадалдар) анын ичинен которууга 0,2 га , № 74 (2 ) га (бадалдар) анын ичинен которууга 1,7 га ,№ 69 (0,2) га (чополуу жерлер) анын ичинен которууга 0,2 га, № 76 ( 7,0) га башка жерлер(таштанды жерлер) анын ичинен которууга 4,5 га, № 37 ( 14,6 ) га (чополуу жер,анын ичинен 0,3 га суу астындагы жер) которууга 7 га , № 53 ( 2,2)га(чополуу жерлер) которууга 1,0 га , № 30 (15,3)га(чополуу жерлер анын ичинен 0,2 га суу астындагы жерлер) которууга 3 га контурларындагы Мамлекеттик менчигинде турган 113,19 га жер аянтынын анын ичинен калктуу конушка жарактуу 40,0 га жайыт жерлер (контурлар№7,8,9,14,16,17,18,22,23,84,85,72), 19,2га(контурлар №10,12,13,73,74,69,76,37,53,30) башка жерлер, жалпы 59,2 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы” жерлеринин категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери”категориясына которуу тапшырмасы Жер кодексинин 13 беренесинин негизинде айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Жер кодексинин 18 ст 3 пунктуна ылайык 59,9 га жер аянтынын 0,75% жеке турак жай курулушуна жана 25% жолдор, коминикациялар, жашылдандырууга бөлүнсүн.
3. Кажы-Сай айыл аймагында бөлүнүп жаткан 59,2 га жер аянты 0,04 га жер тилкеден 550 кишиге бөлүнүп берилсин.
4. Айыл өкмөтүнө жогорудагы мыйзамдардын талаптарынын негизинде белгиленген тартипте 59,2 га “Айыл чарба багытындагы” жерлердин категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жагы Тон районунун мамлекеттик адимистрациясына сунушталсын.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Юстиция Министирлигинен бекитип берүү жагы суралсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |