Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын IV сессиясы
2021-жылдын 28-июлу № 15
Ѳз ара жыйымдын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө
Тоӊ айыл аймагынын айыл өмөтүнүн таштандыны ташып чыгаруу үчүн 200 сом өлчөмүндөгү өз ара жыйым каражаты жетишсиз болгондуктан өлчөмүн жогорулатып бекитип берүү тууралуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоӊ айыл аймагында өз ара жыйымдын өлчөмү 2022-жылдан баштап 300 (үч жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө, айыл башчы, квартал башчыларына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин экономика, финансы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Турдуев |
Жооптуу катчы | Э.Чурекова |