Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоӊ айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын XXIII сессиясы
2021-жылдын 26-марты № 22
Ак-Булуӊ жана Кеӊ-Сай участкаларындагы айыл чарба багытындагы жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Тоӊ айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбетов Болотбек Өмүрбековичтин учурда үй курууга жер тилкеси сурап арыз менен кайрылган жарандар көп болуп жаткандыктан Ак-Булуӊ участкасынын №52 контурундагы 15,0га жана Кеӊ-Сай участкасынын №214 контурундагы 13,0га баардыгы 28,0га өлчөмүндөгү айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясындагы жер участогун калктуу конуштардын аймагын кеӊейтүү жана жаны калктуу конуштардын түзүү үчүн категориясын которуу жөнүндө (трансформациялоо) чечим чыгарып берүү тууралуу билдирүүсүн жана Тоӊ айыл аймагынын жарандарын жер участогу менен камсыз кылуу боюнча программасын угуп жана талкуулап, Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндө” Кодексинин 18-беренесинин 3-4- пункттарын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы №169 ”Жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобого ылайык, Тоӊ айыл аймагындагы Ак-Булуӊ участкасынын №52 контурундагы 15,0га жана Кеӊ-Сай участкасынын №214 контурундагы 13,0га Баардыгы 28,0га өлчөмүндөгү айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясындагы жер тилкеси “Калктуу конуштардын жери” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19-март 2014- жылындагы №169 “Жер участокторун которуунун (трансформацияалоонун) тартиби жөнүндө “убактылуу Жобого ылайык, тиешелүү корунтундуларды берүү жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Тоӊ райондук филиалынан суралсын.
3. Бул жер тилкесинен жеке турак жай курууга бериле турган жердин аянты Ак-Булуӊ участкасынан 0,10га жана Кеӊ-Сай участкасынан 0,08га өлчөмүндө берилсин.
4. Токтомду аткарууга алуу жагы Тоӊ айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кенешине жүктөлсүн.
Төрага | Т.Атамбаев |
Жооптуу катчы | Э.Чурекова |