Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын VI сессиясы
2021-жылдын 28-октябры № 34
Хово автоунаасынын ижарасынан түшкөн каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Байзаковдун муниципалдык менчиктеги Хово автоунаасынын ижара акысынын эсебинен түшкөн 100,0 миң (жүз миң) сом акча каржатын бөлүштүрүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоң айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги Хово автоунаасынын ижара акысынын эсебинен түшкөн 100,0 миң (жүз миң) сом акча каржаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.
2. Маданият бөлүмүнө:
- Малчылардын майрамын өткөрүүгө 25,0 миң (жыйырма беш миң) сом өлчөмүндө;
- Карылар күнүнө кошумча 10,0 миң (он миң) сом өлчөмүндө,
3. ЖКХ бөлүмүнө:
- Хово автоунаасын ремонттоо үчүн тетик сатып алууга 20,0 миң (жыйырма миң) сом өлчөмүндө;
4. 2022-жылга дем берүүчү грантка долбоор өткөрүү үчүн тиешелүү документтерин даярдоо иштерине 45,0 миң (кырк беш миң) сом өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
5. Бул токтомду аткарууга алуу Тоң айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Тоӊ айылдык Кеӊешине жүктөлсүн.
Орун басар | М.Асанова |
Жооптуу катчы | Э.Чурекова |