Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын VI сессиясы
2021-жылдын 28-октябры № 35
Акча каражатына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Байзаковдун дүйнөлүк экономикалык кризистин кесепетинен күйүүчү майга болгон баанын өсүп кеткендигине байланыштуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоң айылдык кеңешинин 13.01.2021-жылдагы №6 “Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө” токтомунун №1-тиркемесине өзгөртүү киргизилип, 22154900 беренедеги - М.Аламанов мектебинин жаңы курулушу ишке берилгенде уюштуруу (оформление) иштери үчүн бөлүнгөн 63,0 миң (алтымыш үч миң) сом акча каржатын ЖКХ бөлүмүнө – 22141100 беренесине күйүүчү май сатып алуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу Тоң айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Тоӊ айылдык Кеӊешине жүктөлсүн.
Орун басар | М.Асанова |
Жооптуу катчы | Э.Чурекова |