Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын сессиясы
2021-жылдын 22-декабры № 36
Тоӊ айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Байзаковдун 13.01.2021-жылдагы № 1 токтомуна өзгөртүү тууралуу билдирген сунушун угуп жана талкуулап, Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 13.01.2021-жылдагы № 1 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. 13.01.2021-жылдагы № 1 токтомундагы теӊдөөчү гранттан эмгек акы үчүн каралган акча каражаттан үнөмдөлгөн 150 000 ( бир жүз элүү миӊ) сом акча каражатынан 114 800 (бир жүз он төрт миӊ сегиз жүз ) сом акча каражаты күйүүчү май алуу үчүн жана 35 200 (отуз беш миӊ эки жүз ) сом жаӊы жылдык иш чара өткөрүү үчүн бөлүнүп берилсин.
3. 13.01.2021-жылдагы № 1 токтомунда жергиликтүү бюджеттин кирешесинен эмгек акыга каралган 150 000 (бир жүз элүү миӊ)сом акча каражаты Сары-Талаа участкасында катуу жаган жамгырдын кесепетинен бузулган ички арыктарды оӊдоо үчүн бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин экономика, финансы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Турдуев |
Жооптуу катчы | Э.Чурекова |