Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 22-декабры № 37
Тоӊ айыл өкмөтүнүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн кошумча акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Байзаковдун Республикалык бюджеттен кошумча бөлүнгөн 500 000 (беш жүз миӊ ) сом акча каражаттын бөлүнүшү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен келген 500 000 (беш жүз миӊ ) сом акча каражат төмөнкүлөргө:
- Тоӊ айылына жаӊы ФАП салууга ПСД (проектно сметная документация) жасатуу үчүн 75 000 (жетимиш беш мин) сом;
-Тоӊ айылына жаӊы ФАП салууга АПУ, ИТУ жасатуу үчүн 21 300 (жыйырма бир миӊ үч жүз) сом;
- Ысык-Көл обласстык айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгынын № 9 келишимине ылайык жыйым үчүн 42 000 (кырк эки миӊ) сом;
- Юридикалык документтерди регистрациядан өткөрүү үчүн 8100 (сегиз миӊ бир жүз) сом.
- Электр энергия чыгымдарына 145 200 (бир жүз кырк беш миӊ эки жүз) сом;
- Кызматкерлердин иш сапар чыгымдары үчүн 50 000 (элүү миӊ) сом.
- Жон участкасына таза суу системасынын долбооруна өздүк салым үчүн 150 000 (бир жүз элүү миӊ) сом;
- Архивге документтерди сактоо үчүн 8400 (сегиз миӊ төрт жүз) сом өлчөмүндө бөлүнсүн.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин экономика, финансы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Турдуев |
Жооптуу катчы | Э.Чурекова |