Загрузка документа…
ТОӉ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоӊ айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 22-декабры № 38
Кажы-Саз айылына жаңы фельдшердик акушердик пункт курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Тоӊ айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Байзаковдун Кажы-Саз айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн карамагындагы 2-04-07-1003-0018 иден. коддогу жер тилкесинен Кажы-Саз айылына жаңы фельдшердик акушердик пункт (ФАП) курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө билдируүсүн угуп жана талкуулап Тоӊ айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кажы-Саз айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн карамагындагы 2-04-07-1003-0018 иден. коддогу 5825,5 метр квадрат өлчөмүндөгү жер тилкесинен Кажы-саз айылына жаңы фельдшердик акушердик пункт (ФАП) курууга 631,6 метр квадрат өлчөмдөгү жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Тоӊ айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Аталган жер тилкелерин мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Тоң филиалынан суралсын.
Төрага | Ж.Турдуев |
Жооптуу катчы | Э.Чурекова |