Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-декабры № 4
Кызыл-Өзгөруш айыл аймагында айыл чарба багытындаболбогон жерлерди тооруктун негизинде сатуу боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөт башчысы Г. Б. Сманованын сунушунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айыл чарба багытында болбогон жерлерди тооруктун негизинде сатуу үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.
1. Ө. Төрөкулов-айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу-комиссиянын төрагасы
2. Б. Чекирова-айыл өкмөттүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы
3. Э. Ажыкулов-айыл чарба иштери жана жер маселелери боюнча башкы адис-комиссиянын мүчөсү
4. Ш. Туйтулов- архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин адиси, комиссиянын мүчөсү
5. А. Осмонкулов- “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин адиси, комиссиянын мүчөсү
6. К. Асанбеков-жарандык коомдун өкүлү, комиссиянын мүчөсү
7. Ж. Ысырайылов-айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
8 А. Ажыбаев- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
9. А. Боргемиков- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
2. Түзүлгөн комиссия курамына КРнын Өкмөтүнүн 2011-жыл 23-сентябрь № 571 токтомунун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенештин аксакал депутаты: | Э.Мутуев |