Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жалдын 6-декабры № 33
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылына кичи футбол аянтча куруу жөнүндө
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушуту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып Жаңы-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кара-Суу айылына кичи футбол аянтча куруу” долбоордук сунушу бекитилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 17%ти, 607179 сом болуп бекитилсин.
Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса, 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч. Култаевага жүктөлсүн.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиянын жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы | Т. Өзүбеков |