Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2021-жылдын 6-декабры № 34
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын жолун оңдоо асфальтоо жөнүндө
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушуту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаңы-Жол айыл башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып, Жаңы-Жол айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Кызыл-Туу айылынын жолун оңдоо асфальтоо” долбоордук сунушу бекитилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 48%ти, 2745397 сом болуп бекитилсин. Бул акча каражаты долбоор ишке ашып калса 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч. Култаевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин төрагасы | Т. Өзүбеков |