Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021 жылдын 29 декабры № 10/1
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 29.12.2021ж. №1-12/999 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 29.12.2021-жылдагы № 1-12/999 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы К.Албаев (Шевченко) атындагы көчөсүнө асфальт төшөө иштери Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин түрткү берүүчү грант аркылуу карала турган долбоордун 18,2% түзгөн өздүк салымын 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана жергиликтүү калктын жардамынын өлчөмү 665 390 (алты жүз алтымыш беш миң үч жүз токсон) сом түзөт, шаардык кеңештин депутаттары маселени карап чыгып, (VIII чакырылыштагы) кезексиз Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарынын К.Албаев (Шевченко) атындагы көчөсүнө долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттен 350 000 (Үч жүз элүү миң) сом жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 315 390 (үч жүз он беш миң үч жүз токсон) сом каралсын.
2. Долбоорду жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы | З.Байдавлетов |