Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-декабры №10/2
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 29.12.2021ж. №1-12/1000 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 29.12.2021-жылдагы № 1-12/1000 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы М.Матназаров ажы атындагы көчөсүнө асфальт төшөө иштери Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин түрткү берүүчү грант аркылуу карала турган долбоордун 17,7% түзгөн өздүк салымын 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана жергиликтүү калктын жардамынын өлчөмү 643 595 (алты жүз кырк үч миң беш жүз токсон беш) сом түзөт, шаардык кеңештин депутаттары маселени карап чыгып, (VIII чакырылыштагы) кезексиз Х сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарынын М.Матназаров ажы атындагы көчөсүнө долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттен 300 000 (Үч жүз миң) сом жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 343 595 (үч жүз кырк үч миң беш жүз токсон беш) сом каралсын.
2. Долбоорду жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси К.Маткаримовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы | З.Байдавлетов |