Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 29-декабры № 1
Атуулдардан түшкөн арыздарды кароо жөнүндө
Кызыл-Көл айылынын айыл башчысы Н.Сатыбалдиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Көл айылындагы эл тарабынан, ашар ыкмасы менен салынган мечиттин иш кагаздарын мыйзамдаштырууга макулдук берилсин.
2. Салынган мечиттин иш кагаздарын мыйзамдаштыруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Айтымбет уулу Элбурска жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасы | Т.Нарматов |