Загрузка документа…
ЖАНЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-октябры № 1
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кең-Арал айыл аймагындагы балдар бакчасынын башчысы К.Кузебаеванын кайрылуусу боюнча бала бакчанын кир жуучу бөлмөнү экиге бөлүп, азык түлүк сактоочу кампа кылууга жана тез бузулуучу азык түлүктөрдү сактоого муздаткыч алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып Кең-Арал айылдык кеңешинин ХХХХ-чакырылышынын 8- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетиндеги Маданият бөлүмүнөн 2215 статьясынан-20 000(жыйырма миң ) сом акча каражатын бала бакча бөлүмүнө 3112 статьясына толуктоо киргизилип бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Токонов |