Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 03-декабры № 7
Оро Биримдиги фондунун каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы Оро айылдык аймагынын “Оро Биримдиги” фондусунун башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын “Оро Биримдиги” фондусуна “Шыралджын Майнинг” компаниясынан 2021-жылы үчүн түзүлгөн меморандумдун негизинде түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата түшкөн акча каражатынын суммасы 1100000 сом өлчөмүндө белгиленсин жана ал акча каражатын айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык муктаждыктарына жана айыл тургундарынын арызынын негизинде бөлүштүрүп берилсин.
2.Оро Биримдиги фондусунун башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3.Оро айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаев, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүкккө алсын
Төрага | Б.Мотуев |