Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 03-декабры № 8
Оро айыл аймагына жемиштердин ширесин чыгаруучу кичи цех куруу жөнүндө
Оро айылдык Кенешинин 11 - чакырылышынын кезектеги 6 – сессиясы, 2021-жылдын 30-ноябрында айыл аймагына инвестициялык долбоорлорду тартуу боюнча айыл аймагынын жыйынында каралган маселелерди талкуулап, тактап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Оро айыл аймагындагы 2021-жылдын 30-ноябрындагы жемиштердин ширесин чыгаруучу кичи цех куруу жөнүндө протоколунун чечими максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2.Оро айыл аймагында жемиштердин ширесин чыгаруучу кичи цехи куруу жөнүндө долбоорду даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Джаманкуловго тапшырылсын.
3.Долбоорлордун жалпы наркы 1 960 701 (бир миллион тогуз жүз алтымыш миң жети жүз бир) сомго түзүлүп, ишке ашыруудагы тишелүү өздүк салымы 82 000 (сексен эки миң) сом болуп белгиленсин жана долбоордун документтерин даярдоого жогорудагы акча каражатынын накталай түрүндө айыл өкмөтүнүн 3111 статьясынан 2022-жылдын бюджетинин эсебинен кароо жагы сунушталсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Мотуев |