Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 06-декабры № 1
“Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга карата стратегиялык өнүгүүсү боюнча инвистициялык проектисин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык “Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга карата стратегиялык өнүгүүсү боюнча инвестициялык пректисинин” коомдук угуулар боюнча 2021-жылдын 22-ноябрындагы чогулуштун протоколун угуп жана талкулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз №29-сессиясы токтом кылат.
1.Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга карата бекитилген стратегиялык өнүгүүнүн инвистициялык проектисинин 05.01.2021-жылдагы №1 пункутуна өзгөртүү киргизилсин жана төмөндөгү программа бекитилсин.
1.2 Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылындагы Т.Азимбаев жана Э.Чонозов көчөлөрүнө асфальт төшөлсүн.
1.3 Аталган токтомду аткаруу жагы курулуш жана инвистиция тартуу адиси К.Рысовго жана Көк-Арт айыл өкмөт башчысы Э.М.Жумуковго милдеттендирилсин.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.myl.ru расмий сайытына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Раимбековага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кенешинин төрөгасы | С.Жуманазаров |