Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIX –сессиясы
2021-жылдын 06-декабры № 2
Жерге-Тал айылындагы Т.Азимбаев жана Э.Чонозов көчөлөрүн асфальтоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу”мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн бюджет боюнча туруктуу комиссияныны Жерге-Тал айылындагы Т.Азимбаев жана Э.Чонозов көсөлөрүн асфальттоо боюнча берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз №29-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылындагы Т.Азимбаев жана Э.Чонозов көсөлөрүн асфальттоого2022-жылдын бюжетинин эсебинен 2017127(эки миллион он жети миң жүз жыйырма жети)сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Өз убагында акча каражатын бөлүп берүү жагы Көк-арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М.Жумуковго жана ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу З.Абдукаимовго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагын бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.myl.ru расмий сайытына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Раимбековага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кенешинин төрөгасы | С.Жуманазаров |