Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIX -сессиясы
2021-жылдын 06-декабры № 4
Жалгыз-Жаңгак айылындагы ФАПка “Casa 1000” Проектисинин негизинде эмерек жабдууларын алып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу”мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн курулуш жана инвестиция тартуу боюнча адиси К.Рысовдун Жалгыз-Жаңгак айылындагы ФАПка “Casa 1000”проектисинин негизинде эмерек жабдууларды алып берүү боюнча берген сметасын угуп жана талкулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз №29-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы ФАПка “Casa 1000” проектисинин негизинде эмерек жабдууларын алып берүү боюнча түзүлгөн сметасы бекитилсин.
2. Түзүлгөн смета боюнча иш алып баруу жана көзөмөлгө алуу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн курулуш жана инвестиция тартуу боюнча адиси К.Рысовко милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтынажарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Раимбековага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кенешинин төрөгасы | С.Жуманазаров |