Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIX –сессиясы
2021-жылдын 06-декабры № 5
Үрөнчүлүк чарбалардын, фермерлердин,кооперативтердин, асыл тукум чарбалардын ижара жерге болгон салыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айылдык кеңешинин 2021-жылдын 25-октябрындагы XXVIII –сессиясынын №4- токтомунун 1-пунктуна үрөнчүлүк чарбалардын, фермерлердин, коопаративтердин, асыл тукум чарбалардын ижара жерге болгон салыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө У.Темировдун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз XXIX- сессиясы токтом кылат:
1. 2021-жылдын 25-октябрындагы Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII – сессиясынын №4- токтомнун 1-пукутуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу үрөнчүлүк чарбалардын, фермерлердин,коопаративтердин, асыл-тукум чарбалардын ижара жерге болгон салыгы бир гектарына шартуу суугат -5000( беш миң) сомго, кайракы – 4000 (төрт миң) сомго, чөп орок – 1000 (бир миң) сомго бекитилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтынажарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Раимбековага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын
Көк-Арт айылдык кенешинин төрөгасы | С.Жуманазаров |