Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык Кенешинин 27- чакырылышынын кезектеги 1- сессиясы
2021-жылдын 4-марты № 1-1
Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жылда киреше жана чыгаша бѳлүгүнѳн үнөм болгон бюджетти бѳлүштүрүү жөнүндө
Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жылда киреше жана чыгаша бѳлүгүнѳн үнѳм болгон бюджеттик каражат 823 907 сом 67 тыйын жана атайын каражаттан үнөм болгон 59 000 сом 2021-жылга бѳлүштүрүү үчүн Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери У. Нуркуловдун Жумгал айылдык Кенешинин тѳрагасына жана айылдык кенештин депутаттарына жазаган билдирүүсүн угуп талкуулап, Жумгал айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. .Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жылда бюджеттик каражаттан үнѳм болгон 823 907 сом 67 тыйын 2021-жылга карата чыгаша бѳлүгү 823 907 сом 67 тыйын көлөмүндө бекитилсин.
2. 2020-жылдан атайын каражаттан үнөм болгон 59 000 (элүү тогуз мин) сом 2021-жылга чыгаша бөлүгү 59 000 ( элүү тогуз мин ) сом кѳлѳмүндѳ бекитилсин.
Башкаруу аппаратына
3. .Жумгал айыл аймагынын Жумгал айылында жайгашкан мурунку эски ФАП тын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн стимулируюший грантка өздүк салым үчүн 458 142 (төрт жүз элүү сегиз мин жуз кырк эки) сом 3111-статья (имараттар жана курулуштар)
4. .Жумгал айылынын жанынан жер бөлүүгө фото сьемка жана башка документтерге Гипроземге которууга 100,000(жүз мин) сом статья 2215( ар кандай кызмат көрсөтүү).
5. .Бел арык суу арыгынын жырылып, ан алып кеткен жерлерин тосууга 5676 сом 67 тыйын (беш мин жети жүз алтымыш беш сом, алтымыш жети тыйын) которулсун статья 2222 ( учурдагы чарбалык максаттарда материалдарды сатып алуу)
Бала бакча
6. Жумгал айыл аймагына караштуу Лама айылындагы бала бакча болуп колдонулуп турган имаратка кошумча имараттын фундаментин түптөөгө материал алууга 100,000 сом (жүз мин) сом которулсун статья 2222 (материалдарды сатып алуу)
7. Жумгал айыл аймагына караштуу Лама айылындагы Бала бакча болуп колдонулуп турган имаратка кошумча имаратын салууга документин бүтүрүүгө 60,000(алтымыш мин) сом которулсун статья 2215 ( ар кандай кызмат көрсөтүү)
Мектептерге
8. Мектептерге көмүр сатып алуу үчүн 100,000 сом( жүз мин) сом бөлүнсүн 2224 статья (көмүр сатып алуу)
Атайын каражат Бала бакчага
9. Бала бакчанын ата-энелер төлөмүнөн үнөмдөлгөн 59 000 ( элүү тогуз мин) сом бала бакчаларга тамак аш азыктары үчүн которулсун 2218 статья (тамак аш азыктарын алуу)
10. 2020-жылдын бюджетинен үнѳм болгон 823 907 сом 67 тыйынды жана атайын каражаттан үнөм болгон 59 000 сомду тиешелүү багыттарга которуу жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нүн башчысы У.Нуркуловго милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башчысы М.Исаковго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Айтбаев |