Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык Кенешинин 27- чакырылышынын кезектеги 1- сессиясы
2021-жылдын 4-марты № 1-2
Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2021-жылдын бюджетин бекитүү, 2021-2023-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башкы бухгалтери Нуркулов Уланбектин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Жумгал айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. .Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын киреше бѳлүгү 8190,2 мин сом, ал эми чыгаша бѳлүгү 8605,8 мин сом болуп бекитилсин.
2. Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгү 6 460,8 мин сом болуп бекитилсин.
Киреше бѳлүгү
Салык тѳлѳмдѳрүнѳн түшкѳн киреше- 2 438,8 мин сом
Тендештирүүчү гранттан 4 022,0 мин сом
Баардык киреше бѳлүгү 6 460,8 мин сом
3. Жумгал айыл ѳкмѳтүнѳ түшкѳн киреше тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүштүрүлсүн.
Билим берүү тармагына(мектептерге) 260,0 мин сом
Бала бакчаларга 408,0 мин сом
Клубдарга 668,7 мин сом
Китепканаларга 373,6 мин сом
Башкаруу аппаратына 4 208,0 мин сом
Социалдык ѳнүгүү тармагына 12,0 мин сом
Жайыт чыгымы 290,5 мин сом
Атайын каражат род взнос 240,0 мин сом
Баардык чыгаша бѳлүгү 6460,8 мин сом
4. Бала бакчанын род взносунан чогулган акча каражаты атайын счетко тѳгүлгѳндѳн кийин бала бакчанын керкетѳѳсүнѳ которулуп берилсин.
5. Жумгал айыл аймагынын Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга жайыт тѳлѳмдѳрүнѳн түшкѳн киреше, чыгаша бѳлүгү 290,5 сом болуп бекитилсин. 2021-жыл ичинде жалпы жайыт пайдалануучулардан түшкѳн акча каражат толугу менен жыл аягына чейин жайыт комитетинин атайын счетуна которулуп берилсин.
6.2022-жылдын бюджетинин киреше чыгаша бѳлүктѳрүнүн долбоору 6 569,7 мин сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин
Киреше бѳлүгү
Салык тѳлѳмдѳрүнѳн түшкѳн киреше- 2 514,8 мин сом
Тендештирүүчү гранттан 4054,9 мин сом
Баардык киреше бѳлүгү 6 569,7 мин сом
7.2023-жылдын бюджетинин киреше чыгаша бѳлүктѳрүнүн долбоору 6676,4 мин сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин
Киреше бѳлүгү
Салык тѳлѳмдѳрүнѳн түшкѳн киреше- 2 575,8 мин сом
Тендештирүүчү гранттан 4100,6 мин сом
Баардык киреше бѳлүгү 6 676,4 мин сом
8. .Корголгон статьялар (эмгек акы,соц фонд, коммуналдык чыгымдар ) биринчи кезекте каржылансын.
9. Бул токтомдун аткарылышы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нүн башчысы У.Нуркуловго милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жумгал айыл өкмөт башчысы Исаков Майрамбек Мусаевичке милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Айтбаев |