Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-марты № 1-3
Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн Жайыт комитетинин бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы К.Сапарбековдун 2020-жылдагы аткарылган иштери тууралу жана 2021-жылга карата бюджети тууралу билдирүүсүн угуп, талкуулап, Жумгал айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жумгал айыл аймагынын Жайыт комитетинин бюджети 2021-жылга карата 290,5(эки жүз токсон мин беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2021-жылдын ичинде Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чогулткан каражаты Жумгал айыл өкмөтүнүн бюджетине төгүлүп, 2021-жылдын аягына чейин Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсеп счетуна 100% толугу менен которулуп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Жайыт комитетинин төрагасы К.Сапарбековго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Айтбаев |