Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык Кенешинин 27- чакырылышынын кезектеги 1- сессиясы
2021-жылдын 4-марты № 1-5
. Жумгал айыл аймагындагы ФПС тин жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө
Жумгал айыл аймагына караштуу ФПС тин 19(он тогуз) га суу баскан жеринин ижара убактысы аяктагандыгына байланыштуу, кайра ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү максатында токтом кылат:
1..Жумгал айыл аймагындагы ФПС тин жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын 20.02.2016-ж № 4 токтому жокко чыгарылсын.
2.. Жумгал айыл аймагындагы ФПС тин жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамына төмөндөгү адамдар бекитилсин.
М.Кудайбергенов- Жумгал а/к депутаты - комиссиянын төрагасы
К.Мамбеткулова – комиссиянын катчысы
М.Исаков - айыл өкмөт башчысы- мүчөсү
С.Санташов – жер адис –мүчөсү
М.Алымбеков – Жумгал айылдык кенештин депутаты - -мүчөсү
Н.Асанов - Жумгал айылдык кенештин депутаты- мүчөсү
К.Сапарбеков – Жайыт комитетинин төрагасы- мүчөсү
Л.Сейдакматова – Жумгал айылынын тургуну- мүчөсү
Т.Шарипканов – Лама айыл башчысы -мүчөсү
3. Жумгал айыл аймагындагы ФПС тин жерлерин ижарага берүүдө, Жумгал айыл аймагынын тургундарынан башка айыл тургундары аукционго катышууга болбойт.
4. ФПС тин жерин ижарага коюуу баштапкы баасы гектарына 1,500(бир мин беш жүз) сомдон башталат.
5. Комиссия мүчөлөрү ФПС тин жерлерин ижарага берүүдө мыйзам чегинде иш алып барышсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жумгал айыл өкмөт башчысы М.Исаковго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Айтбаев |