Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык Кенешинин 27- чакырылышынын кезектеги 1- сессиясы
2021-жылдын 4-марты № 1-6
«Нур Жаз», «Лама» бала бакчаларынын ата-энелер тарабынан балдарга берилүүчү тамак - аштын акчасын көбөйтүү жөнүндө
Жумгал айылындагы «Нур Жаз» бала бакчасынын башчысы Б.Мусаеванын жана «Лама» бала бакчасынын башчысы К.Шаршекееванын, Жумгал,Лама айылдарында бала бакчаларга балдарын алып барган жалпы ата-энелер менен болгон 01.03.2021-ж «Нур Жаз», «Лама» бала бакчаларынын чогулушунун протоколунунун негизинде жана КРӨ нүн 28.07.2009-ж № 478 «Мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүүчү уюмдарынын тамактарынын жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» токтомуна ылайык, билдирүүсүн угуп, Жумгал айылдык Кенешин токтом кылат:
1. “Нур Жаз”бала бакчасындагы бир баланы тамактандырууга 18 сомду бюджеттен, 25 сом ата-энелер чогулткан акча болуп 43 сомду түзгөн. 2021-жылдын 1-мартынан баштап, 1(бир) бала 1(бир) күнгө 35 сом ата-энелер төлөмү болуп, 1(бир) бала 1(бир) күнгө 18 сом бюджет болуп белгиленсин.
2. “Лама”бала бакчасындагы бир баланы тамактандырууга 18 сомду бюджеттен, 25 сом ата-энелер чогулткан акча болуп 43 сомду түзгөн. 2021-жылдын 1-мартынан баштап, 1(бир) бала 1(бир) күнгө 30 сом ата-энелер төлөмү болуп, 1(бир) бала 1(бир) күнгө 18 сом бюджет болуп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исаковго жана “Нур Жаз” бала бакчасынын башчысы Б.Мусаевага жана “Лама” бала бакчасынын башчысы К.Шаршекеевага милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Айтбаев |