Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык кеңешинин 27- чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2021-жылдын 5-апрели № 2
Жумгал айылдык кеңешинин 04.03.2021-ж № 1-1 токтомунун 4 -пуктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исаков Жумгал айылдык Кенешинин төрагасына жана айылдык кенештин депутаттарына, Жумгал айылдык Кенешинин 04.03.2021-ж № 1-1 токтомунун 4-пунктуна өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө кайрылуусун угуп, Жумгал айылдык Кенеши талкуулап токтом кылат:
1. .Жумгал айылдык Кенешинин 04.03.2021-ж № 1-1 токтомунун 4-пунктундагы Жумгал айылынын жанынан жер бөлүүгө документтерин бүтүрүүгө бөлүнгөн 100,000(жүз мин) сомдун 90,000(токсон мин) сомун Жумгал айыл аймагына караштуу мектептерге кышкы көмүр отунун сатып алуу үчүн 2224 статьясына которулсун (көмүр сатып алуу)
2. Лама айылдык клубуна музыкалык инструмент сатып алуу үчүн 10,000(он мин) сом 2222 статьясына жылдырылсын (ар кандай материал сатып алуу)
3. Бул токтомду статьядан статьяга жылдыруу үчүн Жумгал райондук финансы башкармалыгынан суроо жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы У.Нуркуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исаковго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Айтбаев |