Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык кеңешинин 27- чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 3
Лама айылына ФАП ка имарат курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Жумгал айыл аймагына караштуу, Лама айылынын калкынын саламаттыгын сактоо калкты заманбап шартта тейлөө берүү үчүн Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исаковдун кайрылуусун угуп,талкуулап, кайрылуунун канааттандыруу максатында, Жумгал айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Жумгал айыл аймагынын Лама айылына ФАП ка имарат куруу үчүн, Жумгал айыл аймагынын Жумгал айыл өкмөтүнүн Лама айылындагы Төлөк Ата көчөсүндөгү муниципалдык менчик жеринен 0,02(эки) сотых жер бөлүнүп берилсин.
2. ФАП ка жаны имарат курула турган жер төмөндөгү жердин чеги менен аныктап бөлүнүп берилсин
- чыгыш тарабы Сардубанов Амантурдун үйү
- түндүк тарабы жол
- түштүк тарабы- Лама айылдык клубу
- батыш тарабы- Лама бала бакчасы
3. Бул токтомдун аткарылышын жана жердин тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Жумгал айыл өкмөт башчысы М.Исаковго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Айтбаев |