Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык кеңешинин 27- чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2021-жылдын 15-апрели № 4
Жумгал райондук өнүктүрүү фондусуна” Лама айылынын таза суу долбоорун сунуштоо жөнүндө
“Жумгал райондук өнүктүрүү фондусуна” айыл аймактын соцалдык жана экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу максатында долбоорду жобого ылайык айылдык жыйында жалпы элдин көйгөйлүү маселесин угуп, Жумгал айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жумгал айыл аймагынын Лама айылынын таза суусуна труба жаткыруу үчүн трубанын ордун каздырууга 1 056 608 сомдук проекти “Жумгал райондук өнүктүрүү фондусунан” таза суу боюнча жазылган долбоорду сунуштайбыз.
2. Долбоорлорго катышууга керектүү, тийиштүү документтерди даярдоо жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Исаковго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Айтбаев |