Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жумгал айылдык кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги 1- сессиясы
2021-жылдын 18-майы № 1
Жумгал айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Жумгал айылдык кенеши, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ мыйзамынын 37-беренесинин 4,5,6,7- пунктуна ылайык , Жумгал айылдык кенешинин регламентине жана депутаттардын VI - чакырылышынын Жумгал айыл аймагынын айылдык Кенешинин тѳрагасын шайлоо боюнча эсептѳѳ комиссиясынын 2021-жылдын 18-майындагы № 1 протоколун угуп жана талкуулап, депутаттардын Жумгал айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Жумгал айылдык Кенешинин VI –чакырылышы менен шайланган Жумгал айылдык Кенешинин тѳрагасын шайлоо боюнча эсептѳѳ комиссиясынын 2021-жылдын 18 - майындагы № 1 протоколу бекитилсин.
2. Жумгал айылдык Кенешинин кѳпчүлүк добушуна ээ болгон депутат Бектурсунов Эрлан Жумгал айылдык Кенешинин тѳрагасы болуп шайланды деп табылсын.
3.Төраганын орун басыры Шаршекеева Калиман Кемеловна табылсын
4. Бул токтомду Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К. Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.Мусаева |